ТЕМА: МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ .
Максаты:
Кыргыз элинин маданий- тарыхый мурастарын жана салттуу билимдерин жайылтуу,
Эркин иш – аракеттеринде жана кун тартибинде Манас эпосун онуктуруу жана жайылтуу.
Милдеттери:
. Манас эпосун онойлотуп тушундуруу(жайылтуу)
. Мектепке чейинки балдарды Манас эпосуна тартуу аркылуу социо маданиятка конуктуруу
. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын педогогикалык маанисин Манас эпосунда аныктоо
Жана муну мектепке чейинки уюмдарда педогогикалык процестте (иш-аракеттерде) колдонуу
Мункунчулугу;
Озунун мекенин ,салттарын,тилин,маданиятын билген, тушунгон, талантуу балдарды табуу жана аларга колдоо корсотуу.
Музыканын коштоосунда алып баруучулар киришет, саламдашуу.
АКТАН: Улуулардан калган салт
Урмат кыла билели
Жолукканда ар кимге
Салам айта жʏрөлʏ.
БЕРМЕТ: Амансынбы ак калпактуу кыргызым
Асмандагы жанып турган жылдызым
Мына бʏгʏн манас айтып ыр ырдап
Ɵз өнөрʏн тартуулашат уул-кызын.
Алып баруучулар чогуу: САЛАМАТСЫЗДАРБЫ.
Музыканын коштоосунда залга балдар киришип, тегерек болуп турушат. Кыргыз Республикасы гимни аткарылат.
ИСМИНАЗ: КЫРГЫЗЫМА КУЙУП БЫШЫП МАНАС БААТЫР
КЫРГЫЗЫМДЫ МАНАС БААТЫР КОРГОГОН
КЫРГЫЗ ЖЕРИН ДУШМАНДАГА АРАЛАТПАЙ
КЫРГЫЗЫМДЫ МАНАС АТА САКТАП КЕЛГЕН.
УМАР: МЕН КЫРГЫЗМЫН ТАРЫХ ЖОЛУН УЛАГАН
МЕНМЕНСИНГЕН АТА –БАБАМ УРПАГЫНАН
БИЙИК КАРМАП ЖЕЛЕГИМДИ ЖЕЛБИРЕТСЕМ
БУЛ ОМУРДО ОТОМ СЫЙМЫК ДАНК МЕНЕН.
ВЛАДА: ЭНЕ ТИЛ ДЕП АЙТСА
КЫРГЫЗ ТИЛИН ТУШУНГУН
КЫРГЫЗ ТИЛИ ДЕП АЙТСА
ЭНЕ ТИЛИН ТУШУНГУН
ИРИНА: УРМАТТАП КЫРГЫЗ ЭЛИМДИ
УЙРОНГУН ЭНЕ ТИЛИНДИ
ОЗ ЭНЕНДЕЙ СЫЙЛАЙ ЖУР
КЫМБАТТУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМДИ.
Акимбай: УРПАГЫМЫН КЫРГЫЗДЫН
АЛА-ТООНУ ЖЕРДЕГЕН
БАБАМ МАНАС АЙТЫЛУУ
ЖООГО НАМЫС БЕРБЕГЕН
АЛА-ТООМ, ЫСЫК СОЗУМ
МАНАСЫМ ЫЙЫК СОЗУМ.
АКЫЛАЙ: Эне тилим кыргыз тили
Энем атам суйлогон
Баалап анын ар бир созун
Балачактан уйроном.
АКТАН:Шылдырап көк кашка суу төө этектен,
Жаралган жаратылыш кереметтен.
Кичинекей жʏрөгʏм менин дагы,
Бир гана сен деп согот, Ата- Мекен.
БЕРМЕТ:Асканын тик боорунан жердеп келген,
Кийиги, аркар кулжа деген, марал деген.
Көркʏнө эн бир нерсе тен келе албайт,
Медерим ыйыгымсың сен жер Энем.
Музыканын коштоосунда залга Жер Эне кирет.
Жер-Эне:
Амансынбы, чокусу асман тиреген тоолорум.
Амансынбы, шаркылдап аккан тунук суум.
Амансынбы, пейили кенен кыргыз калкым.
Амансынбы Манасымдын урпактары.
Кайынын барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр жон барбы кыргыз кыргын таппаган
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Белес-белден беш удургуп өткөн эл
Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл
Курандылап, куруп бара жатканда
Эр Манасты туу карманып өскөн эл
Манас улуу—кыргыз элдин желеги
Ата-мурас, акыл, ойдун терени
Тʏбөлʏккө ташка тамга баскандай
Кыргыз элдин адамзатка белеги.
Манастын төлөрʏшʏ жөнʏндө ʏзʏндʏ көрсөтʏлөт
Дубана:
Кокуй , Жакып,
Ɵйдө тур
Бʏгʏн уулду болосун
Атын Манас кой
Балан 12ге чыгып
Эрезеге жеткенче
Ордоолуу кыргызга
Баш болуп кеткиче
Уулундун атын Манас деп
Бир адамга билгизбе.
Жана төрөлгөн баланын ʏнʏ чыгат
Ак Балта:
О, Жакып эле, Жакып!
О, сʏйʏнчʏ. сʏйʏнчʏ !
Балалуу болдун
Он колуна кара кан
Сол колуна сары алтын учтай тʏштʏ
Баландын арт жагында
Кара көк жалы бар экен.
Уулундун ыйынан
Кемпирлердин жʏрөгʏ тʏштʏ
Уулун аман чоңойсо
Анык кабылан шер болот
Чачылган кыргызды
Таап берчу эр болот!
Жарчылар:
Э-ээээй , эл журт!
Уккула баарын!
Уккула
Бай Жакып уулду болду!
Элге той берем деп жарыялады!
Бешекти көтөрʏп музыканын коштоосунда кемпирлер киришет, бешикти коюп тегерете турушуп бий бийлешет.
Музыканын коштоосунда залга Манас баатыр чоролору менен киришет.
Ураан чакырылат:
УЛУТУН КИМ? — Кыргыз, Кыргыз, Кыргыз!
УРААНЫН КИМ? – Манас, Манас, Манас!
ТЕНИР УУЛУ: Эр Манас!
КУНДУН НУРУ: Шер Манас!
КЫРГЫЗ РУХУ: Манас, Манас, МанаС
АЛЫП БАРУУЧУ : Манасым менин мурасым
Достука ʏндөп турасын.
АХМАД Урпагымын кыргыздын
Ала тоону жердеген
Бамам Манас айтылуу
Жоого намыс бербеген
Ала-тоом Ысык колум
Манасым ыйык созум
Эмир :Мен кыргызмын тарых жолун улаган
Менменсинген ата-бабам урпагынан
Бийик кармап желегимди желбиретсем
Бул өмʏрдө өтөм сыймык данк менен.
Эляман Миндеген жылдар суйлогон
Кыргыздын эне тили бар
Унутпай сактап уйронуп
Ар бир созун билип ал .
Балдардын Манас айтуу аземи.
НУРАЙ:
Манас Манас болуп тур
Манас атка конуптур
Улук жашын сурасан
Он экиге толуптур
Тору чарды миниптир
Ок өтпөстʏ кийиптир
Ошол кезде эр Манас
Урунарга тоо таппай
Урушарга жоо таппай
Атышарга ок таппай
Кечерине чок таппай
Зын-зын этип кенебей
Эр Манас жʏргөн чагы экен
Ээ.. эээ…эээ…эээ.
БИЙ САРДАЛКЫЗ :
АЙТУНУК: Кыргыз эли уулу эл
Тарыхы бар байыркы
Кыргыз эли баатыр эл
Сактаган жерин азыркы.
АЛЫП БАРУУЧУ:
МЕКЕН ТИЛИ АТА ЖУРТТУН КАРЕГИ
БИРИМДИГИ КУЧ КУБАТЫ ТИРЕГИ
МЕКЕН ТИЛИ КУТТУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМДИН
КОКУРОКТО СОГУП ТУРГАН ЖУРОГУМ.
БАЛДАР:
ТИЛ ЖАРАЛЫП КƟКƟ –ТЕНИР ТАНЫНАН
АДАМЗАТТЫН ДООЛОТУНОН БУЙРУГАН
АДАМ ДЕГЕН ТУП СƟЗYНƟН ЭЛИМДИН
КЫРГЫЗ ТИЛИ АЙ-ААЛАМГА ЖАНЫРГАН
КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖYРƟГYМ
МАНАС АТА ТУУ ТУТКАН
КЫРГЫЗ ТИЛИ МЕКЕНИМ
МЕНИН ƟЛКƟМ КЫРГЫЗЫСТАН
АЛЫП БАРУУЧУ:
МЕКЕН ТИЛИН ЫЙЫК ТУТУП САКТАЙЛЫ
МЕКЕН ТИЛИ БАК ТААЛАЙДЫН КУТМАНЫ
МЕКЕН ТИЛИ КАН-ЖАНЫБЫЗ ,ТУУБУЗ.
АТА ЖУРТТУН КЕЛЕЧЕГИ. АК ТАНЫ
БАЛДАР ХОР: КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖYРƟГY
МАНАС АТА ТУУ ТУТКАН
КЫРГЫЗ ТИЛИ – МЕКЕНИМ
МЕНИН ƟЛКƟМ КЫРГЫЗЫСТАН
Амансынбы, чокусу асман тиреген тоолорум.
Амансынбы, шаркылдап аккан тунук суум.
Амансынбы, пейили кенен кыргыз калкым.
Амансынбы Манасымдын урпактары.
Кайынын барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр жон барбы кыргыз кыргын таппаган
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Белес-белден беш удургуп өткөн эл
Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл
Курандылап, куруп бара жатканда
Эр Манасты туу карманып өскөн эл
Манас улуу—кыргыз элдин желеги
Ата-мурас, акыл, ойдун терени
Тʏбөлʏккө ташка тамга баскандай
Кыргыз элдин адамзатка белеги.
Комментарии